Президент Садыр Жапаров 2025-жылы 20-мартта Бишкек шаарында кол коюлган «Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен Кыргыз Республикасынын аймагында анын ишинин шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Бул мыйзам 2025-жылдын 16-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Макулдашуунун алкагында Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) жана анын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүктөрүнүн ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, фонддун кызматкерлерине тиешелүү иммунитеттерди, артыкчылыктарды жана жеңилдиктерди камсыз кылуу максаты коюлган.
Бул кадам өлкөдө ЕТӨФ менен кызматташууну күчөтүүгө жана экономикалык өнүгүүнү колдоого багытталган маанилүү аракет катары бааланууда.