2025-жылы Бишкек шаарында турак жайлардын баасы орточо эсеп менен 26,8 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыймылсыз мүлк рыногунда Бишкек жана Ош шаарларында батирлердин жана турак жай имараттарынын орточо бааларынын өсүшү катталган.
Баанын эң жогорку өсүшү төмөнкү турак жай түрлөрүндө байкалган:
-
жеке менчик батирлер – 21,7%
-
105-сериядагы батирлер – 18,9%
-
308-сериядагы батирлер – 17,7%
-
104-сериядагы батирлер – 17,4%
Ош шаарында да турак жай баалары олуттуу өскөн:
-
104-сериядагы батирлер – 26,9%
-
105-сериядагы батирлер – 24,4%
-
жеке менчик батирлер – 11,6%
Аймактык кесилиште караганда, Бишкекте турак жайдын чарчы метринин орточо баасы 26,8 пайызга өскөн. Эң жогорку өсүш Свердлов районунда катталып, 37,11 пайызды түзгөн. Ал эми Ош шаарында турак жай баалары 37,04 пайызга жогорулаган.
Белгиленгендей, кыймылсыз мүлк рыногундагы баалардын өсүшү инфляциянын деңгээлинен ашып түштү. 2025-жылы инфляциянын орточо жылдык көрсөткүчү 9,2 пайызды түзгөн.
Буга чейин Эл аралык курулушчулар ассоциациясынын өкүлү Кайнарбек Кулуев Кыргызстанда турак жай баалары 2025-жылы 36 пайызга чейин өсүшү мүмкүн экенин айткан. Анын маалыматына караганда, Бишкекте баалар 26 пайызга, батирлердин баасы 18,5 пайызга өскөн. Ошол эле учурда турак жайды сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүнүн саны 9,1 пайызга кыскарган, рыноктун акчалай көлөмү дээрлик өзгөрүүсүз калган.

