Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыЛувр музейинде уурдалган буюмдардын бири табылды

Лувр музейинде уурдалган буюмдардын бири табылды

Жекшемби күнү, 19-октябрда таңкы сааттарда Париждеги Лувр музейинде болгон уурулуктан кийин уурдалган буюмдардын бири музейдин жанынан табылды. Франциянын маданият министри Рашида Датинин айтымында, аны уурулар качып бара жатып жолго ыргытып кетишкен болушу мүмкүн.

Белгисиз адамдар жети мүнөттүн ичинде Наполеон Бонапартка таандык зер буюмдар менен башка баалуу асыл таштарды уурдап кетишкен. Бул окуя 1911-жылдан берки эң ири жана кайраттуу музей уурулугу катары бааланууда. Ал учурда Леонардо да Винчинин атактуу “Мона Лиза” чыгармасы уурдалган эле.

Франциянын прокуратурасы “уюшкан уурулук жана кылмыш жасоо үчүн алдын ала сүйлөшүү” беренеси боюнча тергөө иштерин баштаганын билдирди.

“Азырынча келтирилген зыяндын көлөмү такталып жатат. Тергөө уланууда”, — деп маалымдашты прокуратурадан.

Алынган маалыматтарга караганда, уурулар төрт адам болгон. Алар жүздөрүн жаап, окуя болгон жерден скутер менен качып кетишкен.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар