Экономика жана коммерция министрлиги социалдык мааниге ээ товарлар тууралуу өкмөттүк токтомго өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, ага цементти да кошуу демилгесин көтөрдү. Бул багыттагы токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документте цементтин баасына мамлекеттик көзөмөл киргизүү жана анын тартибин белгилөө сунушталууда. Министрликтин маалыматына ылайык, азыркы тапта цемент социалдык маанилүү товарлардын тизмесинде жок болгондуктан, анын баасы көзөмөлсүз кымбаттап, бул абал курулуш тармагына терс таасир этүүдө.
«Цементтин баасына көзөмөлдүн жоктугунан улам баасы кымбаттап, ал өз кезегинде курулушка таасир этти. Мамлекеттик көзөмөлсүз олку-солку баа «кызыл кулактыкка» дагы алып келиши мүмкүн. Ошондой эле цемент таңкыстыгы, ага суроо-талаптын дагы жогорулашы, баалардын дагы өсүшү өңдүү коркунуч жаратат», — деп айтылат маалыматта.
Акыркы айларда өлкөдө цементке болгон баанын кескин жогорулашы жана таңкыстык коомчулукта тынчсыздануу жаратууда. Министрликтин айтымында, өндүрүлгөн цементтин көбү ири кардарларга, анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компанияга жөнөтүлүүдө, бул болсо базарда цемент жетишсиздигин жараткан.
Кырдаалга байланыштуу Монополияга каршы кызмат аймактардагы бөлүмдөрү менен бирге сатуучуларга бааны негизсиз көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.