25-июнда Страсбургда Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Европа кеңешинин баш катчысы Ален Берсе Орусиянын Украинадагы согушуна тиешеси бар жетекчилерди эл аралык деңгээлде жоопко тартууга мүмкүнчүлүк берүүчү атайын трибуналды түзүү боюнча макулдашууга кол коюшту.
Бул трибунал “агрессия кылмыштарын” иликтөөгө багытталып, президент Владимир Путинден тартып башка орусиялык расмийлерге чейин жоопкерчилик маселесин көтөрө алат.
«Ар бир согуш кылмышкери адилет жоопкерчиликке тартыларын билиши керек – бул Орусияга да тиешелүү», – деп баса белгиледи Ален Берсе.
Ал эми Украинанын президенти: «Орусиялык согуш кылмышкерлеринин, анын ичинде Путиндин жоопко тартылышы үчүн бекем саясий жана укуктук эрк керек», – деди
Орусиянын расмий бийлиги бул макулдашууга азырынча комментарий бере элек.
Бул Европа кеңешинин алкагында түзүлө турган алгачкы атайын трибунал болору күтүлүүдө.