Башкы беткеРубрикаларАймактарЧолпон-Атада курулуш материалдарын сыноочу лаборатория ачылды

Чолпон-Атада курулуш материалдарын сыноочу лаборатория ачылды

Чолпон-Ата шаарында Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун сыноо лабораториясы ачылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, өлкө аймагындагы курулуштардын көлөмү жылдан-жылга көбөйүп жаткандыгына байланыштуу курулуш объектилеринин сапаты биринчи орунда болушу шарт.

Мындан улам Курулуш министрлиги курулуш иштеринин маселесин жеринен ыкчам чечүү, текшерүү, көзөмөлдөө максатында бул ирет Чолпон-Ата шаарына сыноо лабораториясын ачып, пайдаланууга берди.

Жаңы ачылган лабораторияда тиешелүү жабдуулар, адистер үчүн бардык шарттар жана көчмө курулуш лаборатория машинасы каралган.

Мындан ары Ысык-Көл облусу боюнча курулуш иштеринин сапатын текшерүүдө оперативдүү сыноо иштери жүргүзүлөт.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар