Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшыруу аземи болду. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты. Бул өлкөнүн көз карандысыздыгынан берки эң масштабдуу техникалык модернизациялоо этабы болуп, министрликтин материалдык-техникалык паркы толугу менен жаңыланды.
Иш-чарада Министрлер Кабинетинин Төрагасы куткаруучуларды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, алардын профессионализмин жана өлкөнүн ичинде жана чегинен тышкары татаал операцияларды ийгиликтүү аткарып жатканын белгиледи. Ошондой эле министрликти каржылоонун өз убагында жана жетиштүү көлөмдө жүргүзүлүп жатканы баса белгиленди.
Жаңы техника авариялык-калыбына келтирүү иштерине, инфраструктуралык долбоорлорго, чек ара аймактарын өнүктүрүүгө, метеостанцияларды курууга жана стратегиялык объекттерди модернизациялоого багытталат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы куткаруучулардын жан аябас эмгегине ыраазычылык билдирип, ден соолук жана жаңы кесиптик ийгиликтерди каалады.


