Иранда ишембиде бир нече университеттин студенттери каршылык акциясына чыкты. Бул өткөн айдагы митингдер күч менен басылгандан бери өлкөдө уюштурулган биринчи демонстрация болду.
Тегерандагы Шариф технологиялык университетинин студенттери өлкөнүн желегин көтөрүп чыгып, “Диктаторго өлүм!” деп кыйкырышкан. Ошол эле учурда өкмөттү колдогон дагы бир топ чыгып, эки тараптын ортосунда кыска араздашуу болгон. Амир Кабир технологиялык университетинин студенттери да акцияга катышты.
Ирандагы нааразылык акциялары 2025-жылдын 28-декабрынан бери уланууда. Башында алар экономикалык кризис, улуттук акча риалдын арзандашы жана инфляцияга каршы талаптарды коюшкан, кийинчерээк бийликке каршы ураандар жана монархияны калыбына келтирүү чакырыктары кошулган.
Каршылык акциялары күч менен басылып, миңдеген адамдар каза болгон, так саны азырынча белгисиз. Human Rights Activists in Iran (HRAI) уюмунун маалыматына караганда, 15-февралга карата кеминде 53 552 адам камакка алынган. “Фарда” радиосу сот тармагынын маалыматына таянып, нааразылыкка байланыштуу кеминде 23 миң кылмыш иши козголгонун жазды.


