Касиеттүү Ысык-Көл Жер шарынын борбору болуп көрсөтүлгөн дүйнө картасы Бишкекте орнотулат. Борбор Азиядагы ислам же Европа окумуштуусу Адам Мец атагандай мусулман ренессансынын толкунунда жаралган картада дүйнөнүн борбору деп Ысык-Көл көрсөтүлгөн.
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев XI кылымда жашап өткөн улуу бабабыз Махмуд Кашгари-Барскани түзгөн дүйнө картасынын көчүрмөсүн орнотуу тууралуу демилге көтөрүп, дал ушундай көрсөтмө берди. Арслан Койчиев көтөргөн идеяны ишке ашыруу үчүн, Маданият жана маалымат министрлиги конкурс аркылуу эң мыкты долбоорду тандап алышы керек.
Мамлекеттик катчынын бул демилгеси Махмуд Кашгари-Барсканинин 1000 жылдыгына карата иш-чаралардын бир бөлүгү болмокчу.


