Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыЗеленский: "Украина Орусия менен меморандумга кол коюшу мүмкүн"

Зеленский: «Украина Орусия менен меморандумга кол коюшу мүмкүн»

Украина президенти Киев меморандумга кол коюшу мүмкүн экенин Путин-Трамп сүйлөшүүсүнөн кийин билдирди.

«Бул мага Трамптын айтканы. Мен түшүнөм, алар муну Путин менен талкуулашты, эки тараптуу форматта тиешелүү меморандум болушу мүмкүн. Меморандум эки өлкө тарабынан ок атышууну токтотууну дагы камтыйт», — деди ал брифингде.

Трамп менен сүйлөшкөндө Зеленский Украина Орусия менен түз сүйлөшүүлөргө даяр экенин ырастады. Ал жолугушуу өткөрүүчү жерлер катары Түркия, Ватикан жана Швейцарияны атады.

Ошондой эле, Зеленскийдин айтымында, Киев АКШнын, Украинанын, Россиянын жана Европа өлкөлөрүнүн “бардык командаларынын” жолугушуусу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Зеленский Украина өзүнүн аймагынан аскерлерин чыгарбасын, НАТОго кирүү багытынан баш тартпастыгын жана Орусия талап кылгандай бейтарап статусун жарыялабай турганын ачык айтты. «Украинанын статусу бар, ал өлкөнүн Конституциясында — баары ошол жерде жазылган», — деп баса белгиледи ал.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар