Башкы беткеМаанилүүКүйүүчү май 15% кымбатташы мүмкүн: бийлик чукул чараларды караштырууда

Күйүүчү май 15% кымбатташы мүмкүн: бийлик чукул чараларды караштырууда


Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы жакынкы күндөрү орточо 15 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, баанын өсүшүнө Орусиядагы геосаясий кырдаал жана мунай продуктуларынын тартыштыгы себеп болууда. Учурда кыргызстандык нефтетрейдерлер күйүүчү майды чектелген көлөмдө алып жатышат, ал эми россиялык камсыздоочулар жогорку баа сунуштаган кардарларга артыкчылык берип жатышат.

Базардагы кырдаалды турукташтыруу максатында Монополияга каршы кызмат Экономика жана соода министрлигине бир катар колдоо чараларын сунуштады. Алардын ичинде:

  • акциздик салыктарды, КНСти жана экологиялык төлөмдөрдү убактылуу азайтуу;

  • нефтетрейдерлерге жаңы баада күйүүчү май сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыя берүү чаралары каралууда.

Нефтетрейдерлердин маалыматына караганда, Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздоо 2025-жылдын аягына чейин үзгүлтүксүз улантылат.

Монополияга каршы кызмат рынокко мониторинг жүргүзүүнү жана баанын өзгөрүшүн үзгүлтүксүз талдоону улантууда.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар