Улуттук банк 2025-жылдын январь-сентябрь айларында 33,2 млрд сом пайда тапты. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,9 эсе көп (2,58 млрд сом).

Пайда өсүшү монетардык алтын операцияларынан түшкөн киреше, валюталык резервдерди кайра баалоо жана активдердин кымбатташы менен байланыштуу. Банк активдеринде алтындын үлүшү 437,7 млрд сомду, бул 2024-жылга салыштырмалуу эки эседен көп.

Улуттук банктын жалпы активдери 797,9 млрд сомго, капитал дээрлик үч эсе өсүп, 227,9 млрд сомго жетти. Бул көрсөткүчтөр банктын финансылык туруктуулугун жана улуттук валютаны колдоого жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп турат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз