Кыргыз наркы – нечен жоболоңдон сакталып, жоголуп кеткиче жомокко айланып, эненин эбеденинен эмчек сүтүнө сиңип, бешик башына тумар болуп тагылып, термелген сайын бешик күүсүнүн ыргагына көөшүгөн улуулук. Найзанын учуна тепчилип кетпей, кылыч мизине кесилип кетпей, ташка салса сынбаган, кылымдан-кылым тынбаган бийиктикке айланып, эл ишениминен, элдин үмүтүнөн боюна эбегейсиз кубат жыйнаган асылдуулук.
Кыргыздын байыртадан бери укумдан-тукумга көчмөн калктардын уюткусу катары келип жеткен нарк-насилибиз, каада-салттарыбыз, тарбиялык таалими зор баяндар, уламыштар тууралуу Сүйүнбек Касмамбетовдун уңгулуу кептеринен жарыялайбыз.
(Аягы. Башталышы өткөн сандарда)
Башы далайга бышып бүткөн кексе чал жүз жигитти бир нече күн байкоого алып жүрүп, акыры алардын жайын кыргызга айтып келет: «Чынында эле алардын ата-тегин так билген жан жок экен. Кол башына коюлган жигиттердин өз ара сүйлөшкөнү кудум душман тилиндей, а бирок дили башка. Ооба, башка. Баам салган кишиге байкалып турат. Жакшылап абай салсаң, аттын ыйык жалын кармап аттанып, үзөңгүсүн кыска тарта темингенине, жайы-кышы көрпөчөсүн салынып, ээр-токумун жайдак жазданып жатканына, кийик атса сулп эттен мурун дароо боорун сууруп, жото жилиги менен кошо чокко кактай салып чучугун үзүлө түшүп шимиргенине, ооматы келе түшкөндө жакын-жатына карабай кырдана кыйгач карап калмайы кудум кыргыз сыяктуу. Алардын угулар-укмаксан ичтен кайрып кыңылдап ырдаган обондору да дал биздин абаз шекилдүү экен. Биз билгенден, кыргыздан башка эл минтпейт. Айтор, кол башында бөрү тил жүз жигит деген бир балээңер бир кезекте кыргыз айылынан туткундалып кеткен уялаш жетимдердин тобунан ар кай жерден чогултулган бир нече аталаш бир туу-гандар экендигин, ата-эненин мээриминен тыш өскөн эркек балдар эр жеткенде жаалы катуу болуп калыптанаарын, биз уккан жигиттер кара чечекей эле кыргыз балдары болорун, кара дилдүү калмак кыргызга кыргызын кыргын салдырарын, бирок калмак ханынын карасанатай оюн да айла-амал аркылуу жеңсе болорун айтат дагы: «Көрсө, бул жанагы кара баскыр Алдан канкордун кезектеги амалы тура.
Бирок, ал бул ирет да жаңылып, акыры кан заадисин тартарын эске албай калыптыр. Буюрса, балдарыбыз орто жолдон кетилсе да, борбодою жетилген экен. Баарылап чогуу акылдашып иш кылсак, алардын кан-жаны кайра тартып, боор эти бир болк этип, акылына келер. Эмесе, биз дагы ошого жараша эбин таап, жан айласын кылалы» дейт.
Аксалдар жана журт тың чыкмалары кеңешип-таңашып отуруп, акыры жоо жапырыгына каршы үч катар тосот коюу чечимине келет. Алдыңкы тосотко алкынган жоону алсыратыш үчүн алдуу-күчтүү жигиттер коюлат. Ортоңку тосотто өз жакындарын тааныса, балдарыбыз акылына келер деген кыязда «жоо колуна дайын-жиксиз байланып кетти» делген баягы жүз баланын тууган-туушкандары турат. Тоо таянган арткы тосотто ачынган душманга каршы коёр тумагы менен дымагынан башка курал-жарагы жок, а бирок жалаң-жайдаң өнөрү күч ырчы-чоорчулар, ак таңдай акын-дар менен манасчылар, өңчөй ыр жандуу кыз-келиндер жайгашат. Ошентип келе турган жоо камы бүтүп, эзелки душман жапырыгы үч тосоттон күтүлөт.
Күтүлгөн жоо күргүштөп кирип келет. Жалаңдаган бөрү тил душман колунун мизиндеги жүз жигит эч нерсеге карабай, алды-артынан чыккандын баары-жогун кырып-жоюп, кереге-уугун талкалап келатат дейт. Алдыңкы тосоттогу кыргыз жоокерлерин көзгө илбей жиреген жигиттер как ортодон жарып өтүп айыл ичин аралай чаап, ортоңку тосотто турган тууган-туушкандарын деле ылгабай, заматта кызыл кыргын, кандуу булоон салып жиберет.
Анан арткы тосот тараптан адегенде добулбастар кагылып, керней-сурнай тартылат, комуз күүсү чертилет, чоордун үнү коштолот. Улуу тоону жаңырта, керме тоону керилте манасчылар күпүлдөп, жедеп дасыккан кошокчу аялдар жүлүндү эзе кошокторун созуп, бир убакта жоо колуна туткундалып кеткен балдардын ысымдарын кайталап айтып кошот зыркырап. Ага улай келин-кесектин «Бекбекей», «Шырылдаң», «Керме-Тоо» баштаган салттуу ырлары созулат, күүлөр күүгө коштолот. Айтор, журттун койну бака-шака, күрү-күүгө толот… чоор үнү зыркырап, муңдуу комуз-дун күүсү беш кайрыла боздойт. Көк бетинен куюлгандай күтүүсүз кайрыктар акыры жүз жигиттин дилин безеп, тизгин жыюуга мажбурлай баштайт. Бул күтүүсүз сезим эле. Туш-туштан төгүлгөн күү, обондуу кайрыктар алардын жедеп мерез болуп катып бүткөн жүрөктөрүн эзип, жан мээрин ийдирип, боорун жибитип, мээге үрөлүп кире баштады. Кан тамырлар бошошуп, кулактан кирген күү бойду ээлеп, карайып калган жанды алып учуп, кан тамырдан күрөө тамырларга таралгандай болду… Ооба, түйүлгөн муштум өзүнөн-өзү жазылып, жалаңдаган кылыч кынына кирип, түпөктүү найзалар көккө сунулуп калды. Карайган адам дили жибип, насилине, өздүгүнө имерилди чиркин ошондо… Жүз жигит бири-бирин жалт карап, чабуулун дароо токтото эс-мас… ар биринин жандүйнөсүнө бала чактан эне сүтү менен кошо бүтүп, кан-жанына сиңип калган тааныш күү, тааныш добуш, тааныш үн, тааныш ырлар… Бара-бара алардын эсине бала чактары, ата-энелери, бир туугандары, тели-теңтуштары, алардын кыял-жоруктары элестейт. Алар акылдан алган, азапка салган кыйчалыш мезгилдин себептерин акырындык менен аз-аздан түшүнө баштагандай сыягы… Ошентип кайдан-жайдан капилет пайда болгон ушундай бир улуу күч кырчындай жигиттердин ой-туюмуна бүлүк салып, аларды артка кайтарат. Жөн эле кайтпай, ушундай арам ой менен ушундай жаман жолго түрткөн Алдан жайсаңдын колун кыргыз кыраандарына кошулган Жүз жигит түгөл кырып салат.
Жоо колунан эптеп аман калгандар айылга кайтып келип, көргөн көзүнө ишенбейт. Атургай, бул жашоодо көптү көрүп, көзү каныкты деген аксакалдар деле бир ишенсе, бирде ишенбейт. Жүз жигит эми дендароо: бир жигит өлгөн энесинин башын кучактаган бойдон боздоп жатат дейт… Бир жигит жара тилинген эмчектен диркиреп аккан канды аймалап эмчек издеген карындашын кармаган бойдон кан какшап ыйлап турат дейт… Бир жигит акылдан азып кылычы менен жер сабап отурат дейт… дагы бири… дагы бири…
Уламадан уккандар бар чыгар, бизде «Жүз жигит» деген бир элдик күүнүн тарыхы ушундай. Бул Үмөт молдонун черткен баянынан Жүз жигит өзөгүн таанып, өзгө кошулганына кабардар болуудабыз. Ошентип калың кол токтото албаган канкор жоону көөнө элдик наркты алып жүргөн өнөрлүү адамдар токтоткон тура. Мына, элдик өнөрдүн чыныгы күчү. Бул да биз үчүн бир улуу сабак!
Үч Аркар…
Адатта илимде жыл санакчылар, асман-жер кубулуштарын изилдөөчүлөр көп. Аларды илимий түрдө астрологдор деп атайбыз. Бир нече кылымдар бою кат-сабаты жок деп эсептелген кыргыз журтунун да илимий түшүнүгү, жыл наамасы, аны менен кошо жазуусу-сызуусу да болгонун азыркы күн жокко чыгарбасы анык.
Далайга АСМАНДЫ карап отурган карыя колундагы муса таякка макиси менен эн салды да, чакырыкка жете келген жигитке кайрылып: «Журт кабары, айттыргыла! ҮЧ АРКАР жетекке түшүптүр, майтопондой электе аркы аптанын башынан кышкы СОГУМДУ баштап, арчабакандап алышсын» деп этегегин кага ордунан турду.
Деги айланайын, эмне деген керемет, кут даарыган чексиз терең ЭЛБИЗ!!!
Аалам менен акылдашып, жылдыздын жылганы менен мал союп, ҮРКӨРДҮН чыкканы менен жайлоого көчүп, Айдын тогошу менен көч баштаган АЙКӨЛДҮН элибиз!
* * *
Кыргыздын ата-бабасы өтө сейрек кездешкен аалам сырларынын жандырмагын чечип, дүйнөнү акылы, айкөлдүгү, кең пейили, аруу, таза ниети менен гана эмес, билүүгө дилгирлиги, өтө чебер байкагыч, күчтүү өнүккөн сезүү-туюму менен эле табият менен таттуулаш жашап, жаратылыштын ар кандай жандырмагын чечүүгө ынтызарлыгы аркылуу дүйнөдөгү канча бир күчтүү мамлекеттер менен тең ата өнүгүүгө кадам койгондугу менен айырмаланган.
Жалбырактын түшүшү, жаныбарлардын ар кыл кыймыл-аракети, күндүн батып-чыгышы, шамалдын багытынын өзгөрүшүн эле эмес, жада калса чымчыктардын, көпөлөктөрдүн учуп-конушу деле не бир түрдүү жаратылыш абалы менен табияттагы өзгөрүүлөрдөн кабар берген.
Ал гана эмес, аян алуучулук, айтымчылык, санатчылык, сынчылык, төлгөчүлүк,
саяпкерчилик, түш жоругучтук, ырымчылык, дарымчылык, сыйкырчылык, коз боёмочулук да күчтүү өнүккөндүгү кыргыз элинин байыркы илимий түшүнүктөрдөн куру эмес-тигин далилдеген.
Курсактагы баланын кулагы ачылып калыптыр…
Бир журтту бийлеген аксакалга жигиттери күтүрөтө ат бастырып келишет экен кеңешмекке. Үй ээсинин кош бойлуу келининин колунан куюлган кымыздан бир кеседен тартып жиберген жигиттер күпүлдөп көргөн-укканынан кеп салышып, ылдыйкы капчыгайдын этегиндеги бир жума мурда көчүп келген коңшу журтту түн ичинде келип жоо чаап кеткенин, кол кайрыр мыктылары каза тапкандыгын, түн ичи ушул айылдын жигиттери жардамга баргандыгын, таң куланөөк атканда баскынчыларды айылдан алыс сүрүп чыккандарын, ал гана эмес, ызаланган немелер кол салган журттун бир үйүр жылкысын айдай чыккандарын эрдемсий айтышып, арттан келген куугундар менен салгылашып кетишип, өздөрүнүн ичинен барган жигиттердин экөөсү жарадар болгондугун: жолдо катар бири көз жумуп, экинчиси алиге эсине келе электигине кейишет келгендер. Арасынан кызыл жүздүү жигит: «өткөндө жатакчыларын кокуйлатып акысын бербей койгон көпөс, бай неменин оторлоп кеткен бээлерин күлүктөрү менен кошо олжолоп, арттан кубалаган жылкычыларынын бирин жаткыра чаап, жеткирбей отуруп таң каракчысына ирелеш ыдык көрүп калган айылдын белин ашырып берип кайттык» дейт шадыраңдай.
Эки айланта куюлган кымыздан соң тулку-бою нымшыган жигиттер кыңая түшкөндө, бошогон көөкөргө кайрадан кымыз куюп келмекке бир колу менен жер тая-нып ордунан араң обдулган келини тышка чыга жөнөгөндө жанатан жигиттердин кебин тыңшап, кошкат келининин айтылган сөзгө назар салып калганын туйган аксакал:
– Жигиттер, курсактагы баланын кулагы ачыла баштаптыр, өлдү-кырдыдан, чапкын-бозгундан, тийди-качтыдан эмес, жүйөөлүү кептен айтканыңар жөндүү, – деди.
Аңгыча келин кымыз көтөрүп кайтып келгенде, үй ичинде айыл жакшыларынын ынтымагы, түп көтөрө өткөрүлгөн тойдун жышааны, байге алган жигиттин көк бөрүчүлөргө бир тай энчилеп бергени, баатыр жигиттердин бири кошуна айылдын сулуусуна күйөөлөп барганы тууралуу кан кызытар уу-дуу кеп күжүлдөтө башталып калган эле…
* * *
Дүйнөнүн окумуштуулары эненин курсагындагы түйүлдүктүн жашоо сырларын, өнүгүүсүн илимий негизде жакынкы биздин күндөрдө гана чечмелөөгө жетишүүдө. Түйүлдүктүн качан жетилерин, жашоого тиешелүү органдардын качан иштеп, качан өз кызматын аркаларын генетикалык жактан изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, бир эмес, бир нече жолудан дүйнөлүк деңгээлдеги сыйлыктарга көрсөтүлүп жатканы баарыбызга маалым.
Ал эми биздин ата-бабаларыбыз болсо адамзат ырасмий илимдин ачылыштарын негиздей электе, медициналык, генетикалык далилдер пайда боло электе болочоктогу эненин баскан-турган кыймыл-аракетинен, тамак ичкен-жегенинен эле төрөлө турган баланын жынысын, дүйнөгө качан жаралышынын мөөнөтүн, керек болсо наристенин кыял-жоругу кандай болоруна дейре байкоо салганды өздөштүрүшкөн. Ал гана эмес, кош бойлуу энеге кам көрүшүп, курсактагы баланын дүйнө таанымын жакшы жакка буруш үчүн энени чыр-чатакка, уруш-талашка аралаштырбай аздектеп турушкан.
Төрөлө элек баланын да камын көргөн наркыңдан айланайын, Улуу журтум!