Башкы беткеСаясат жана коомКоомИзилдөө: Көл-Төргө жакын жайгашкан айыл элинин тынчсыздануусуна негиз жок

Изилдөө: Көл-Төргө жакын жайгашкан айыл элинин тынчсыздануусуна негиз жок

Чүй облусунун Кегети жайлоосундагы Көл-Төр көлүнүн көлөмү, марена дамбасынын туруктуулугу изилденип, андан агып чыккан суунун ченемин тактоо иштери жүрүгүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Изилдөөнүн жыйынтыгында көлдүн көлөмү климаттык нормага ылайык болуп, жырылып кетүү коркунучу жок экени аныкталган.

Ага карабай тоо көлүнүн толуу процессин жана жырылып кетүү коркунучунун алдын алуу максатында сифон ыкмасы менен көлдүн суусу азайтылды.

Адистер Көл-Төр көлүнүн жолунда жайгашкан айыл элинин тынчсыздануусуна негиз жоктугун билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жүздөгөн тоо көлдөрү бар.

Изилдөө иштери министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен жүргүзүлүп, ага Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана божомолдоо жүргүзүү департаментинин адистери, Чүй облустук башкармалыгынын куткаруучулары тартылган.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар