Садыр Жапаровдун көрсөтмөсүнө ылайык, 2026-жылы Ош шаарында 10 жаңы мектептин курулушу башталды. Министрлик маалыматы боюнча, курулуш республикалык бюджеттен каржыланат.
- С. Алымкулов атындагы №33 мектеп (Озгур айылы) – 375 окуучу үчүн кошумча окуу имараты.
- Ж. Бөкөнбаев мектебинин аймагы (Курманжан Датка муниципалитети) – 750 окуучу.
- Курманжан Датка аймагы – 1 000 окуучу.
- Сулайман-Тоо аймагы – 750 окуучу.
- Ак-Буура 2 (Төлөйкан айыл аймагы) – 700 окуучу.
- Ишкаван (Кызыл-Кыштак айыл аймагы) – 700 окуучу.
- Кызыл-Кыштак айылдык башкармалыгы – 500 окуучу.
- Барпы Алыкулов атындагы №38 мектеп (Манас-Ата МТУнун алдында) – кошумча окуу имараты.
- Эне-Сай (Кызыл-Кыштак жаңы турак жай конушу) – 1 200 окуучу.
- Сүрөттүү-Таш (Кызыл-Кыштак айыл аймагы) – 500 окуучу.
Жыйындан соң мэр жана министр мектеп курула турган аймактарды текшерип, курулуштун заманбап, сапаттуу жана ачык-айкын болушун талап кылышты.

