Жаңы түзүлгөн Мамлекеттик күзөт кызматына төрага дайындалды

0
20580

Жаңы түзүлгөн Мамлекеттик күзөт кызматына Сыргак Бердикожоев төрага болуп дайындалды. Бул тууралуу 11-февралда президенттин администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-февралда президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Анын негизинде УКМКнын 9-кызматынын базасында Президентке караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы түзүлгөн.

Жаңы түзүлгөн кызмат мындан ары түздөн-түз президентке баш ийип, ага отчет берет. Ал улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына кирип, кайтарылуучу адамдардын жана стратегиялык объекттердин коопсуздугун камсыз кылат.

Белгилей кетсек, буга чейин мамлекет башчысы Чек ара кызматын да УКМКнын карамагынан чыгарып, өз алдынча орган катары түзгөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз