Башкы беткеМаанилүүКыргызстан 2025-жылы экономикалык туруктуулукту сактап, бюджетин 5 эсеге көбөйттү

Кыргызстан 2025-жылы экономикалык туруктуулукту сактап, бюджетин 5 эсеге көбөйттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев КР Экономика жана коммерция министрлигинин 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жыйынына катышты.

Өз сөзүндө ал 2025-жыл Кыргызстан үчүн экономикалык ишенимдүүлүк, туруктуулук жана масштабдуу өзгөрүүлөр жылы болгонун белгиледи.

«Глобалдык чакырыктарга карабастан, биз өнүгүүнүн жогорку темпин сактап калууга жетиштик. Биз стабилдүүлүк жок болсо, туруктуу өнүгүү мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөбүз. 2025-жылы өлкөдө коомдук-саясий жана экономикалык туруктуулук камсыздалды. Ушунун негизинде консолидацияланган бюджеттин көлөмү 1 триллион сомдон ашты», — деди Бакыт Төрөбаев.

Ал белгилегендей, бул мамлекеттин каржы тарыхындагы маанилүү этап болуп саналат. 2020-жылга салыштырмалуу өлкөнүн бюджети дээрлик 5 эсеге өстү: 247,8 млрд сомдон 2025-жылы 1 трлн 101 млрд сомго жетти.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар