Бүгүн, 11-мартта Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева баштаган жоопту кызматкерлер 12 жылдык окуу тууралуу маалымат берди.
Жыйында Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева 12 жылдык окууга өтүүдө айрым орун жетпей калган мектептерде 1-класска келгендер бала бакчаларда окуй турганын айтты.
«Бишкек шаарында окуучулардын саны өтө көп. Учурда 120 мектепте 238 000ден ашык окуучу билим алууда. Азыр 1-класста 24840 бала окуп жатат. Сентябрда 2025-2026-окуу жылында 2-класска 25 миң баланын келүүсү күтүлүүдө. Ал эми 1-класска келе турган балдардын саны такталып жатат. Алардын баарын мектептердин имараттарына батыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан Билим берүү министрлиги 1-класста балдарды бала бакчалардын имаратында окутуу боюнча макулдашылууда. Имараттар бекер берилет. 1-класста балдар бала бакчада окутулат жана ата-эненин каалоосу менен бала бакчада кечкиге чейин кала берсе болот”, —деди Мусаева.