Башкы беткеСаясат жана коомКоомБазардын айланасында мыйзамсыз соода кылгандар кайда барат?

Базардын айланасында мыйзамсыз соода кылгандар кайда барат?

Ош базарынын тегерегин иретке келтирүү максатында жол боюндагы  мыйзамсыз соода-сатык кылгандарга базардын ичинен орундар берилет. Бул тууралуу Ленин райондук муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Бакыт Караев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мындай аракеттер 14-мартта башталып, биринчилерден болуп мөмө-жемиш саткан мыйзамсыз соода-сатыктардын бардыгы алынган.

“Бишкек шаарын иретке келтирүү боюнча бардык муниципалдык кызматтардын иш-планы бекитилген. Иш-планга жараша биринчи этап менен Токтогул көчөсү Бейшеналиевадан Кулиев көчөсүнө чейин мыйзамсыз соода-сатыктардан тазаланды. Андан тышкары, Токтогул көчөсүндөгү эски бактарды кыюу, тротуар куруу, жашылдандыруу, ирригация системасын жаңылоо жана мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактарды алуу иштери жүргүзүлмөкчү”,— дейт Караев.

Ал шаардан сырткары жаңы Ош базары курулуп бүтсө, бардык соодагерлер ошол жака көчүрүлөрүн кошумчалады.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар