20-апрелде Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Москва шаарында Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Игорь Сергеенко менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кыргыз-беларусь саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулап, парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүү маселелерине токтолушту.
Марлен Маматалиев эки өлкө ортосундагы байланыштар акыркы жылдары жаңы деңгээлге чыкканын белгилеп, жетишилген келишимдерди ишке ашырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенин айтты. Ошондой эле ал тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун деңгээлинде кызматташууну күчөтүүнү сунуштады.
Мындан тышкары, төрага соода-экономикалык байланыштардагы өсүштү белгилеп, товар жүгүртүү өткөн жылы 154,4%га көбөйгөнүн билдирди. Ал эми саламаттыкты сактоо тармагында, айрыкча онкология жана трансплантация боюнча кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын айтып, оор абалдагы жарандарды Беларусьта акысыз дарылоо үчүн квота бөлүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
Өз кезегинде Игорь Сергеенко кыргыз тарап менен кызматташууну күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирип, биргелешкен өндүрүш ишканаларын ачуу жана соода байланыштарды кеңейтүү боюнча сунуштарын айтты. Ошондой эле визалык жана миграциялык шарттарды жеңилдетүү боюнча келишимдер жакында ратификацияланганын кошумчалады.
Тараптар туризмди өнүктүрүү жана жарандар ортосундагы каттамдарды көбөйтүү маселелерин да талкуулашты.