Башкы беткеЭл аралык мамилеМарлен Маматалиев иш сапарын гүл коюудан баштады

Марлен Маматалиев иш сапарын гүл коюудан баштады

20-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду.

Ал Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди.

Белгилүү болгондой, бүгүн Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйыны өтөт. Ага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Армения, Беларусь жана Тажикстандын парламенттери мүчө болуп саналат.

Жыйынга катышуу үчүн барган делегациянын курамында депутаттар Алишер Козуев, Улукбек Узакбаев жана Азамжан Джалилов бар.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар