Башкы беткеСаясат жана коомКоомТИМ кыргызстандык мугалим Стамбулда эмне себептен кармалганын билдирди

ТИМ кыргызстандык мугалим Стамбулда эмне себептен кармалганын билдирди

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Стамбулда математика мугалими Азамат Нурматов кармалгандан кийин ТИМ кызматкерлери Түркиянын укук коргоо органдарына кайрылганын билдирди.

“Азамат Нурматов 2016-2017-жылдары аскерий төңкөрүш болгон маалда бир жатаканада жашаган экен. Ошол кезде көбүнчө Фетхулла Гүлендин колдоочулары пайдаланган уюлдук тиркемени колдонуптур. Түрк тарап ошонун негизинде Азамат Нурмат уулуна өлкөнүн ичинде издөө жарыялаган экен, биздин жаран ошол үчүн кармалган”, — деди тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев.

Ал мугалимдин жактоочусу менен ТИМ кызматкерлери тыгыз иштеп жатканын, маселе көзөмөлдө экенин кошумчалады.

FETO кыймылынын негиздөөчүсү  Фетхуллах Гүлен былтыр октябрда көз жумганы маалым болгон. Бул кыймыл Түркияда террордук уюм деп таанылган. Гүлен 2016-жылы жайында Түркияда 250дөй адам набыт болгон төңкөрүштү жасоого аракет кылган деп шектелип келген. Бул окуялардан кийин өлкөдө дааватчылар, кыймылдын миңдеген жактоочулары кармалган. Гүлен 1999-жылдан бери АКШда жашаганы айтылып келген.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар