Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү “Бай-Талаа” логистикалык борборунун инвестициялык долбоорун Ташкенттеги ишкер чөйрөгө сунуштады.
Долбоор Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Кыргыз Эко Экспорт тарабынан ишке ашырылып, учурда соңку баскычында турат. Логистикалык хаб айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, сактоо жана экспорттоо үчүн заманбап инфраструктураны камсыздайт.
Долбоорду илгерилетүүнүн алкагында кыргыз тарап BMB Holding компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Өзбекстандык инвесторлор борбордун концепциясын жана агроөнөр жай кооперациясынын мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып, биргелешкен долбоорлорго кызыкдар экенин билдиришти.
Мындан тышкары, кыргыз делегациясы Өзбекстандын жеңил өнөр жайын өнүктүрүү агенттиги, ошондой эле тери иштетүү жана эт кайра иштетүү тармагындагы ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда чийки затты кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу жана кошумча нарк түзүүчү өндүрүш чынжырларын түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Адистердин баамында, бул долбоор аймактагы экспорттук потенциалды кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзөт.
