whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.01.2026
-8.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүМарат НИЯЗМАТ уулу: "Ээн талаа, эрме чөлдө жалгыз түнөгөн учурлар болду"

Марат НИЯЗМАТ уулу: «Ээн талаа, эрме чөлдө жалгыз түнөгөн учурлар болду»

Акыркы жылдарда Кыргызстанда велотуризмге кызыгып, эки дөңгөлөктүү унаа менен жер кыдырганды жактыргандар арбып баратканы байкалат. Алардын арасында Кыргызстан эле эмес башка өлкөлөрдү да велосипед менен кыдырган мекендештерибиздин чыгып жатканы биз үчүн чоң сыймык. Алгач велосипед менен Ысык-Көлдү айланып чыгып, кийин Кыргызстанды түрө кыдырып, андан соң Бишкектен Москвага чейин жетип, андан ары Меккеге барган блогер Марат НИЯЗМАТ уулун азыр тааныбаган адам аз болсо керек. Учурда мээ кайнаткан ысыкка карабай Африка континентинин бир топ өлкөлөрүн велосипед менен кыдырып, улам бир кызык видеолорду чыгаруу менен кыргызстандыктардын дүйнө таанымын кеңейтип жаткан саякатчы, белгилүү блогер, мыкты маектеш мекендешибизди Ата-Журттан алыста жүргөн жеринде, соцтармак аркылуу кепке тарттык. 

«Киносценарий велосапарга себепчи болду»

– Мындан төрт-беш жыл мурун мен бир киного сценарий жазгам. Сценарий боюнча менин персонаждарым Ысык-Көлдү айланып чыгышмак. Аларга жан бериш үчүн алар баштан өткөргөн нерселерди жон терим менен сезишим керек деген ойдо биринчи жолу Кыргызстанды машина менен айланып чыктым. Убакыт тез өткөндүктөн анчалык таасирлене албай Кыргызстанды велосипед менен кыдырууну чечтим. Досумдун велосипедин сурап алдым дагы Балыкчыдан тартып Ысык-Көлдү бир айланып чыктым. Ошондо велосипедчен жүргөндө жаратылышты жан дүйнөң менен сезип, өзгөчө сезимдер болорун түшүнүп, буюрса велосипед менен дагы саякаттайм деген максат койдум. Арадан бир топ убакыт өтүп кетти. Саякаттоонун сааты чыгып Бишкектен велосипед, сумка жана башка керектүү нерселерди сатып алып сапарга даярдандым. Маршрутту алдын-ала чийип алып жолго чыктым. Сапарда жүрүп нечендеген ашууларды, өтө кооз, керемет жерлерди көрүп, буга чейин айтылып жүргөндөй Кыргызстан ажайып кооз өлкө экенине биротоло ынандым. Ошол сапарымда Жалал-Абад — Балыкчы автожолу менен эң биринчи велосипед менен жүргөн мен болдум окшойт. Ал кезде Көкө-Мерен суусундагы көпүрө толук курулуп бүтө элек болгондуктан кароолчу күндүз мени өткөзбөй койду. Айла жок ал күнү ошол жерге түнөп, кароолчу айткандай эртеси таңга жуук кытайлар жок кезде өтүп кеттим. Ал жерлердин, Таран-Базар айылынын, Казармандын кооз жаратылышын көрүп сөз менен айтып бере алгыс рахатка бөлөндүм. Ал керемет көрүнүш азыр да көз алдымда турат. Бул түндүк-түштүк альтернативалуу жолу толук бүтсө, бул жол аркылуу велосипед менен өткөн кыргызстандыктар, чет өлкөлүктөр мен сыяктуу сонун сезимдерге
дуушар болоруна ишенем.

“10 миң сом менен Москвага жол тарткам”

– Кыргызстанды велосипед менен кыдырып чыккан соң негедир мага бир нерсе жетишсиз болгондой болуп, велосаякатка тойбой калдым. Саякатка болгон каалоомду кандырыш үчүн Бишкектен Москвага барууну чечтим. Кызыгы, ошол убакта капчыгымда болгону 10 миң эле сом бар болчу. Тобокелчилик кылып жолго чыктым. Беш-алты күндөн кийин тыйыным түгөнүп калды. Агезде мен блогер болуп аз-маз элге таанылып калгам. Сапарымдын биринчи күнүн интернетке койгондо көрүүчүлөр миллионго чейин жетип, менде кандайдыр бир дем, күч пайда болду. Экинчи, үчүнчү күнкү сапарларымды көргөндөр да көп болуп, видеороликтин астына жазган М-банк номериме акча сала башташты. Андан сырткары Бишкек – Москва жолундагы кыргыздар дагы мага акчалай, тамак-аш, суусундук жагынан жардам берип турушту. Ошентип сапардагы муктаждыктарым чечилип калды.

Сапардын алгачкы күндөрү жол жээктерине эле палаткамды тигип, түнөп жүрдүм. Аны видео-дон көргөндөр, тааныштарым “Талаа-түздө абайла, казактардын талааларында карышкырлар көп” дешкенинен чочуп, конок үйлөрдү таап жата баштадым. Чынын айтсам Казакстандыкындай баш-аягы билинбеген тегиз талааларды, чөлдөрдү мурда көргөн эмесмин. Буга бир таң калдым. Анан Бишкек-Москва сапарында “Казак-кыргыз бир тууган” деген сөз бекер айтылбаганына көзүм жетти. Тилде гана бир аз айырма болбосо казак элинин менталитети, тамак-ашы, пейили, меймандостугу кыргыздардыкындай эле экен.

Кызыгы, Казакстандын акыркы шаарынан Россияга өтүп үч-төрт чакырым жүргөндө кадимкидей үшүп баштадым. Бир айылга жетип үч конок үйгө барсам, үчөөндө тең бош бөлмө жок деп коюшту. “Чарчаңкы кебетемди көрүп, анын үстүнө азият деп орун бербей жатышат го” деген ойдо маанайым чөгүп артка бассам бир жерде кыргыз байкелер фураларын оңдоп жатышыптыр. Сүйүнүп кетип, аларга ал-акыбалымды түшүндүрсөм “Биздин машинага эле жатып ал” дешти. Ошентип оор кырдаалдарда сапардагы кыргыз туугандар мага колдоо көрсөтүп жатышты. Ошол жерде бир дунгандын кафеси бар экен. Аны менен да ара чолодо сүйлөшүп, таанышып калдым. Ал “Сапарда жүргөн адам экенсиң, кафеден каалаган тамагыңды же. Эртең менен да келип тамактанып кет” деди. Ушундай кайрымдуу адамдар бар экенине абдан
кубандым.

“Велосипед саякатынын өзгөчө касиети бар”

– Велосипед жөнүндө айта кетсем, жогоруда айтканымдай Кыргызстанды айланарымда менде велосипед жок болчу. Ошол учурда өзүмдө азырак гана акча бар эле. Ошого жараша Лалафодон “Galaxy” моделиндеги велосипед издеп, колдонулганын 13500 сомго сатып алып, 1500 сомго аны-мунусун алып, оңдодум. Анын ылдамдыкты которуучу жабдыгы иштебегендиктен ашууларда жайлап, түзөңдөрдө ылдамдата албай абдан кыйналдым. Көрсө, ал моделдеги велосипед алыскы жолго эмес, шаар ичинде гана тебиле турган унаа экен. Ошол себептен Бишкекке келгенимде спорттук дүкөнгө барып, сатуучуларына алыскы жолго жүрүүгө ыңгайлуу велосипед керек экендигин айттым. Алар “Trinx” деген дүйнөгө белгилүү бренд велосипедди сунушташып, арзандатуулар менен 52 миң сомго беришти. Ал алыскы жолго ыңгайлуу, ылдам жүргөн жакшы велосипед экен. Аны менен Бишкектен Москвага келсем бир казакстандык байке чалып: “Бизде сонун велосипеддер бар, келип алып кет. Ажылыкка баратыпсың, бизден сага белек болсун. Эч кандай деле рекламанын кереги жок” деп калды. Ошондо ал байкеден “Gestalt Stallion” деген велосипед алгам. Мурдагы велосипедим ылдам жүргөн унаа болсо, бул алыс-кы жолдорго ыңгайлашылган, жүк көтөрүмдүү велосипед экен. Палатка, уктоочу мешок жана башка буюмдарым көбөйүп жүктөрүм оорлошуп калган болчу. Жаңы велосипед менен сапарымды улаганда жакшы велосипед менен жүрүү бир кыйла жеңил экенин түшүндүм.

Велосипед демекчи, көбү менден “Эмнеге велосипед менен саякаттооого бел байладыңыз?” деп сурап калышат. Мындай саякаттын адамдын жан дүйнөсүн ойгото турган өзгөчө касиети бар. Анан велосипед саякатында басып өткөн жерлердеги адамдардын жашоо-турмушун, маданиятын, салт-санаасын, ар башка өлкөлөрдүн жаратылышынын кереметтерин дилиң менен сезип, аларга аралашып өзгөчө ырахат аласың. Машина менен жүрсөң андай сезим болбойт. Велосипед менен жол жүргөндө шашпаганга, терең ой жүгүртүп, учур чакта болууга мүмкүнчүлүк көп болот. Дайыма бет маңдайдан жел уруп тургандыктан ой жол, табийгаттан башка нерсеге бурулбайт. А дайыма ар нерсени ойлонуп жүрө берген адамдын көз карашы, дүйнө таанымы, жашоосу алдыга эмес, артка кете берет. Велосипед менен жер кезүү мындай учурда чоң жардам берет.

“Чөлдөрдө, таалааларда жалгыз көп түнөдүм”

– Велосипед менен Меккеге барарда алгач маршрутту чийип, баарын анализ кылдым. Албетте, Иран, Түркиядан кандай өтөм деген бир аз кооптонуулар болду. Бирок интернеттен Иран коопсуз өлкө экени, эли карапайым болору тууралуу көп маалыматтарды алдым. Анан Москвадан Меккеге жөө барган жигит менен да соцтармактар аркылуу таанышып, сапардагы эске алуучу жагдайларды сурасам ал “Иранга сөзсүз барыш керек. Эли аябай меймандос, сонун” деп калды. Ошондон улам Иран өлкөсүнө кызыгуум артып, ажылыкка барчу маршрутка да көзүм күйдү. Андайда мени эч нерсе токтото албайт. Анын үстүнө велосипед саякаты боюнча эки айлык тажрыйбам болуп калгандыктан сапарга чыгарда анчалык деле санааркаган жокмун. Бирок, азыр ойлоп көрсөм ал сапарымда бир топ кооптуу жерлерде болуптурмун. Россиянын токойлорунда, ээн талааларында караңгыда калып кеткен күндөр болду. Эки фура батпаган кууш, кооптуу жолдордо жүрүүгө туура келди. Азербайжанда, Иранда жан адам жок талааларда калып калган учурлар болду. Кийин
Сауд Арабиясынын чөлдөрүндө да караңгыда жалгыз калган мезгилдер болду. Ошолордун баарын алдын ала билгенде, балким мен ойлонуп, жолго чыгууга арсар болуп калмакмын. Ошондуктан буларды билбегеним да сапарымдын ийгилик-түү болушуна шарт түздү.

(Уландысы бар)

Мелис СОВЕТ уулу,
“Кыргыз Туусу” 

Гезит

Дөөлөтбек БЕРИКБАЕВ: “Биз жаңы баскычтагы жаңырган Кыргызстанды курууга бет алдык

       Мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты, “Ак-Талаа Эл” коомунун Президенти,  “Уңгужол” доктринасын ишке ашыруу боюнча “Уңгужолдун насааткери” сертификатынын ээси Дөөлөтбек...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар