Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 4-марттан 5-мартка караган түнү Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу үчүн Оман аркылуу атайын эки каттам уюштурулат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык:
- Ар бир учакта болжол менен 180 жүргүнчү орун алат, жалпы эки каттам менен болжолдуу 360 жаран мекенге кайтарылат.
- Каттамдарда аялдарга, балдарга жана кары-картаңдарга артыкчылык берилет.
- Айрым техникалык кыйынчылыктарга жана аймактагы татаал кырдаалга карабастан, Тышкы иштер министрлиги жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр коопсуз аба коридорун макулдашууга жетишкен.
- Бул процессти координациялоо Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелери менен тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.
Министрликтин маалыматына ылайык, кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын мекенине кайтарылышы өлкө жетекчилигинин тыкыр көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.


