Кыргызстан – туризм жана көчмөн маданияты үчүн эң мыкты багыт

0
7639

Кыргызстан туристтерге уникалдуу тоолорду, таза табиятты жана көчмөн маданиятын сунуштайт. Өлкөнүн 90%дан ашуун аймагы тоо кыркалары менен капталган,  туристтер жүрөк толкунданткан ландшафттарды жана табияттын кооздугун көрсө болот. Мындай Кыргызстандын кооздугун даңазалаган макаланы Евроньюс эл аралык маалымат агенттиги жазып чыкты.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов Euronews’ка берген маегинде билдиргендей:

«Бизде  7000 метрден бийик 3 чоку,  6000 метрден бийик делген 25 чоку бар. Кыргызстан негизинен тоо туризми менен байланыштуу. Тоолордо саякатчылар таза табиятты сезип, дарыяларды, көлдөрдү жана асман тиреген өрөөндөрдү көрө алышат».

Туристтер ошондой эле көчмөндөрдүн жашоосун таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Жайлоолордогу көчмөн коомчулуктун жайында алыскы жайыттарга көчкөн жашоосу, алардын жогорку деңгээлдеги меймандостугу жана салттуу кыргыз даамдары келген туристтерди таңыртпай койбойт.  Мисалга бешбармагы кайнатылган этке камыр кошулуп жасалса, бээ сүтүнөн жасалган кымызы, ар бир конок үчүн пайдалуу жана даамдуу азык боло алат.

Улуу Көчмөн маданиятынын башка салт-санаалары дагы туристтер үчүн кызыктуу боло алат, айталы ат менен сейилдөө, бүркүт менен аңчылык, табигый жүндөн жасалган кийиз буюмдары жана боз үй жасалгалары.

Быйылкы жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда алтынчы Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өтөт. Бул – көчмөн маданиятын жакындан таанып-билүүнү каалаган туристтер үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүк болмокчу.

Касымов Кыргызстанды туризм, экотуризм жана этнотуризм багыттарында, туристтер табият менен чыныгы байланышта болуу мүмкүнчүлүгүн алышат деп белгиледи. Ал туристтерге альпинизм, тоолорго чыгууну жана меймандос кыргыз элинин салт-санаалары менен жакындан таанышууну сунуштады.

Визасыз режим жана инфраструктура:

Дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөлөрүнүн жарандары Кыргызстанга визасыз бара алат. Бул санды дагы кеңейтүү максатында, учурда иштер жүргүзүлүүдө.

Аэропорттор жана жолдор заман талабына жараша оңдолуп, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттар каралып жатат.

Келген коноктор үчун коопсуздукту жогорулатуу максатында милдеттүү түрдө туристтик камсыздандыруу киргизилген.

2030-жылга чейин кабыл алынган Программа:

  • Туризмдин туруктуу өнүгүүсүнө багытталган;
  • Мейманканаларды классификациялоо жана туруктуулук эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлөт.
  • Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөр менен биргеликте “Бирдиктүү туристтик аймак” түзүлөт, анда бир виза менен бир нече өлкөгө саякаттоо мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Кыргызстан – табият, тоо, көчмөн маданияты жана салттуу туризмди бириктирген жогорку сапаттагы туристтик багыт десек болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз