Башкы беткеРубрикаларАймактарНоокатта Чечме-Сай каналы кеңейтилүүдө

Ноокатта Чечме-Сай каналы кеңейтилүүдө

Ноокаттын Кара-Таш айыл өкмөтүндө Чечме-Сай каналы тазаланууда. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, каналдын жалпы узундугу 1500 метр. Учурда каналдын 350 метри тазаланып, иштер уланууда.

Күн мурун облус жетекчисинин биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев жеринде аткарылып жаткан иштерди көзөмөлдөдү. Ал каналдын айрым тилкелери энсиз экендигин белгилеп, кеңейтүү боюнча тапшырма берди.

Чечме-Сай каналын тазалоо жана кеңейтүү иштери толук бүткөрүлгөндөн кийин аймактагы ирригациялык абал жакшыртылып, дыйкандар сугат суу менен жеткиликтүү камсыз болору айтылды.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар