Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылында мамлекеттик каржылоо менен курулган 96 батирлүү көп кабаттуу турак үй комплекси пайдаланууга берилди.
Бул турак жайлар Мамлекеттик ипотекалык компаниянын каражатынын эсебинен толук реконструкцияланып, жарандарга жеңилдетилген ипотекалык шарттар менен берилмекчи.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев катышты.
Камчыбек Ташиев жаңы батир ээлерин куттуктап, «Мындай социалдык долбоорлор — мамлекеттин жарандардын жашоо шартын жакшыртууга жана социалдык туруктуулукту камсыздоого багытталган маанилүү кадам», — деп белгиледи.
Жергиликтүү тургундар бул демилгени чоң кубаныч жана үмүт менен тосуп алышып, мамлекеттик деңгээлде калктын турак жай маселесин чечүү багытындагы иштер уланып жатканын айтышты.

