Башкы беткеМаанилүүПрезидент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевди ЮНЕСКОнун 43-сессиясынын ачылышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевди ЮНЕСКОнун 43-сессиясынын ачылышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевди жана боордош өзбек элин ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында бул окуя Борбор Азия үчүн тарыхый мааниге ээ экени белгиленет. Садыр Жапаровдун айтымында, конференциянын Париждеги ЮНЕСКО штаб-квартирасынан тышкары аймакта кырк жылдан ашык убакыттан кийин биринчи жолу өтүп жатышы Өзбекстандын жогорку эл аралык аброюн жана Борбор Азиянын дүйнөлүк маданий-руханий борбор катары таанылганын айгинелейт.

Президент Самарканд шаарында өтүп жаткан форумду илимдин, агартуунун жана руханий баалуулуктардын символу катары мүнөздөп, бул иш-чара тынчтыкты, өз ара түшүнүшүүнү жана достукту бекемдөөгө чоң салым кошорун белгиледи.

“Конференцияда көтөрүлгөн демилгелер билим берүү, илим жана маданият жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, элдердин ортосундагы достукту чыңдоого жана биздин аймактын мындан аркы гүлдөп-өнүгүшүнө өбөлгө болот деген ишеничтемин”, — деп айтылат Президент Садыр Жапаровдун куттуктоосунда.

Мамлекет башчысы боордош өзбек элине жана Президент Шавкат Мирзиёевге бул маанилүү эл аралык иш-чараны ийгиликтүү өткөрүүнү, жыйындын жогорку деңгээлде өтүшүн жана анын жыйынтыктары конструктивдүү болушун каалады.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар