Болгакрияда Румен Радев парламенттик шайлоодо алдын ала экзитпол жыйынтыктары боюнча алдыга чыкты.
Маалыматка ылайык, анын коалициясы 37–39% добуш топтоп, Бойко Борисов жетектеген ГЕРБ партиясын (16% чамасында) кыйла артта калтырды. Шайлоого катышуу 45%дан ашып, салыштырмалуу жогору болду. Ошол эле учурда эксперттер Радев абсолюттук көпчүлүккө жетпей турганын белгилешүүдө. Ага парламентте болжол менен 10–12 мандат жетпей калат. Бул коалиция түзүүнү милдеттүү кылат.
Бирок анын саясий күчү ГЕРБ жана Кыймыл укуктар жана эркиндиктер үчүн партиясы менен союз түзүүдөн баш тарткан. Ошондой эле мурдагы өнөктөш Продолжаем перемены – Демократическая Болгария бирикмеси менен да мамиле начарлаган.
Мындай шартта мүмкүн болгон өнөктөштөр катары Болгария социалисттик партиясы жана Возрождение партиясы каралууда. Радевдин саясаты эл аралык деңгээлде да талкуу жаратууда. Ал буга чейин Украинага аскердик жардам көрсөтүүгө каршы чыгып, Европа Биримдигинин бул багыттагы саясатын сынга алган. Ошондой эле Владимир Путин менен диалог жүргүзүү зарылдыгын белгилеп келген.
Саясий өнөктүк учурунда талаштуу билдирүүлөр да орун алган. Радев Крым боюнча мурда айткан позициясын кайра кайталап, бул коомчулукта кеңири талкуу жаратты.
Эксперттердин баамында, алдыдагы коалициялык сүйлөшүүлөр Болгариянын ички саясатына гана эмес, Европадагы саясий балансқа да таасир этиши мүмкүн.
