Борбордук Азиянын стратегиялык мааниси жогорулап бара жатканы айтылды

Жээнбек Кулубаев Анталья дипломатиялык форумунун алкагында “Бирге көтөрүлүү: Борбордук Азия мамлекеттеринин 35 жылдыгына карата глобалдык позициясы” аттуу панелдик сессияга катышты.

Сессиянын жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Түркиянын өкүлдөрү аймактын дүйнөлүк саясаттагы ролунун өсүшүн талкуулашты. Анда эл аралык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү, коопсуздук тармагындагы чакырыктар жана регион ичиндеги интеграциянын келечеги каралды.

Катышуучулар Борбордук Азияга болгон кызыгуу өсүп жатканын белгилешип, “5+1” форматындагы кызматташуулар кеңейип жатканын белгилешти. Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө аймактагы мамлекеттердин мамлекеттик курулуш, экономикалык өнүгүү жана аймактык дипломатия жаатындагы жетишкендиктерине токтолду. Анын айтымында, бул жетишкендиктер саясий көз карандысыздыкты бекемдөөгө, экономикалык өсүшкө жана аймактык туруктуулукту камсыз кылууга шарт түздү.

Ошондой эле ал чек ара маселелерин чечүүдө жана коопсуздукту чыңдоодо биргелешкен аракеттердин маанисин белгиледи. Сессияда Борбордук Азиянын стратегиялык мааниси жогорулап баратканы айтылды. Бул аймактын ресурстук потенциалы, транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрү жана жаш калктын өсүшү менен түшүндүрүлөт.

Мындан тышкары, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Түрк мамлекеттер уюму алкагындагы кызматташуусу жана Түркия менен тарыхый-маданий байланыштары да өзгөчө белгиленди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз