23–24-апрель күндөрү Манас шаарында Эл аралык «XVII КИТЕП FEST — 2026» китеп фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Жалал-Абад облустук китепканасынын 100 жылдык мааракесине арналат. Фестивалдын негизги максаты — улуттук китеп басып чыгаруунун жетишкендиктерин жайылтуу, басмаканалар ортосундагы кызматташууну чыңдоо жана коомдо китеп окуу маданиятын өнүктүрүү.
Фестивалга Россия, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн акын-жазуучулар, басмаканалардын өкүлдөрү жана маданият ишмерлери катышат. Ошондой эле Кыргызстандын бардык аймактарынан китепканалардын өкүлдөрү да келери күтүлүүдө.
Иш-чаранын алкагында:
- китеп көргөзмөлөрү;
- белгилүү акын-жазуучулар менен жолугушуулар;
- концерттик программалар;
- адабий сынактар;
- театрлаштырылган оюн-зооктор;
- интерактивдүү маданий иш-чаралар уюштурулат.
Мындан тышкары, китеп жумалыгынын алкагында республика боюнча бардык деңгээлдеги китепканаларда параллелдүү түрдө маданий иш-чаралар жана китеп фестивалдары өткөрүлөт. Уюштуруучулардын айтымында, бул фестиваль китеп окууну жайылтууга жана адабий байланыштарды өнүктүрүүгө чоң салым кошот.
