Бишкекте «Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу — АДАПТ» долбоорунун алкагында гранттык келишимдерге расмий кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт. Жалпы бөлүнгөн каражаттын суммасы 81 миллион 179,4 миң сомду түзөт.
Каржылоонун негизги бөлүгү өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы токой массивдерин калыбына келтирүүгө жумшалат. Долбоор 2 500 гектар аянтта иш жүргүзүүнү камтыйт. Программага жаңы токой отургузууларын түзүү жана бар экосистемалардын табигый калыбына келүү процесстерин колдоо кирет.
Гранттарды ишке ашыруунун даярдык этабында тиешелүү адистер окутулду. 2025-жылдын сентябрь-октябрь айларында Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү (ОРСП) менен Токой кызматы биргеликте өлкөдөгү 34 токой чарбасынан 109 адиске тренинг өткөргөн.
Жыйынтыгында эң ишенимдүү сунуштарды киргизген 10 чарба тандалып алынды: Авлетим, Арка, Ала-Бука, Балыкчы, Жумгал, Лейлек, Талас, Кара-Кульжа, Ош жана Уч-Коргон. Бул чарбалар менен жалпы суммасы 81 миллион 179,4 миң сомдук келишимдерге кол коюлду. Инвестициялар региондордун экологиялык туруктуулугун чыңдоого жана Кыргыз Республикасынын токой фондунун аянтын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

