Тамак-аш баасын атайылап кымбаттаткан коомдук тамактануу жайларына 3 миңден 13 миң сомго чейин айып пул салынат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Муратбек Иманкулов билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 286-беренесине ылайык, соода эрежелерин бузган жеке жактарга 3 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган.
Муратбек Иманкулов белгилегендей, мыйзам бузуу аныкталган учурда дароо эле айып пул салынбайт. Адегенде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кафе-ресторандардын ээлерине жана администраторлоруна расмий эскертүү берилет. Аларга мыйзам бузбоо жана бааларды негизсиз көтөрбөө боюнча талаптарды аткаруу үчүн белгилүү бир мөөнөт коюлат.
“Эгер эскертүүдөн кийин да мыйзам бузуу кайталанса, жазма буйрук берилет. Анын аткарылышы көзөмөлдөнөт. Талаптар дагы эле аткарылбаса, анда мыйзамга ылайык айып пул салынат”, – деди ал.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы коомдук тамактануу жайларында баа саясаты мыйзам чегинде жүргүзүлүшү керектигин эскертип, жарандарды негизсиз кымбатчылыкка кабылган учурларда тиешелүү органдарга кайрылууга чакырат.


