Трамп венесуэлалык оппозиция лидеринен Нобель медалын алды

АКШнын Ак үйүндө АКШ президенти Дональд Трамп менен Венесуэланын оппозиция лидери Мария Корина Мачадонун жолугушуусу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө Мачадо өткөн жылы алган Нобель тынчтык сыйлыгынын медалын Дональд Трампка тапшырды. Трамп бул сыйлыкты сактоого алганын айтып, Мачадо менен жолугушууну өзү үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Ак үй кийинчерээк Овалдык кабинеттен тартылган сүрөттү жарыялады.

Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, бул кадам символикалык мүнөзгө ээ болуп, Трамп акыркы убакта венесуэлалык оппозициядан алыстап жаткан шартта өзгөчө көрүнүш катары бааланууда. Ошол эле учурда Нобель институту лауреат өз сыйлыгын башка адамга тапшыра албай турганын билдирген.

The Washington Post басылмасы Мария Корина Мачадонун бул кадамын Дональд Трамптын колдоосун кайрадан утуп алууга жана Венесуэланын келечегине таасирин кайтарып алууга болгон аракет катары сыпаттайт. Басылманын жазышынча, АКШ администрациясы учурда Каракастагы учурдагы бийлик менен, айрыкча венесуэлалык мунай кендерин америкалык компанияларга ачуу маселесинде, прагматикалык кызматташууга көбүрөөк кызыкдар.

Ал эми The New York Times Делси Родригестин татаал абалына көңүл бурат. Ал Венесуэланын убактылуу лидери катары Николас Мадуронун мурасын сактоо менен бирге АКШнын талаптарына да ыңгайлашууга аракет кылууда. Парламенттеги алгачкы кайрылуусунда Родригес антиамерикалык риториканы колдонуп, ошол эле учурда мунай тармагын чет элдик инвестицияларга ачууга даяр экенин билдирген.

Учурда Венесуэлада кырдаал курч бойдон калууда. Николас Мадуронун камакка алынышы жана АКШнын басымы шартында өлкөдө бийлик үчүн күрөш күч алып, анда мунай сыяктуу экономикалык кызыкчылыктар чечүүчү ролду ойноодо.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз