Биринчи жолу Кыргызстанда мамлекеттик эмес соттук эксперттерди бириктирген Соттук эксперттер палатасы түзүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин Соттук-эксперттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, палата «Соттук-эксперттик ишмердүүлүк жөнүндө» мыйзамына ылайык түзүлдү.
Аталган кызматтын төрагасы Талантбек Кожонов палатанын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында жаңы түзүмдүн төрагасы К. Жансеитов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жыйында тараптар республикада соттук-эксперттик ишти өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган кызмат менен палатанын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү уюштуруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү орнотууну караган кызматташтык жөнүндө меморандумдун долбоорун карашты.