Таиланд менен Камбоджанын чек арасындагы кагылышуулар уланууда

0
2639

Таиланд менен Камбоджанын куралдуу күчтөрү ортосунда талаштуу чек ара аймагында кагылышуулар күчөп жатат. Акыркы айда болгон куралдуу жаңжалдардан 40 адам каза болуп, алардын арасында жайкын тургундар да бар. Коопсуздук үчүн эвакуацияланган адамдардын саны 700 миңден ашты.

Камбоджанын бийлиги декабрдын ортосунан тарта Таиланддын аскерлери аба соккуларын чек арадан алыс жайгашкан аймактарга чейин кеңейткенин билдирип, өлкөдө эвакуацияланган жарандардын саны 500 миңден ашканын маалымдады.

Ал эми Таиланддын куралдуу күчтөрү эл жашаган аймактарга сокку урбаганын, бардык аракеттер мыйзам чегинде жүргүзүлүп жатканын айтууда. Таиланд тарап Камбоджанын чабуулдарынан улам 210 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгонун билдирди.

Эске салсак, июль айындагы кандуу чек ара жаңжалдарынан кийин октябрда АКШнын президенти Дональд Трамптын ортомчулугу менен ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишилген. Бирок ноябрда Таиланд бул келишимди токтотконун жарыялап, чек арага жакын жерде мина жарылып, алардын аскерлери жаракат алганын билдирген.

Бул маселе дүйшөмбү күнү Малайзияда өтө турган Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) тышкы иштер министрлеринин жыйынында талкууланат. Жыйынга Таиланд менен Камбоджанын өкүлдөрү да катышары күтүлүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз