IV Элдик Курултай быйыл жаңы форматта уюштурулат. Бул тууралуу Курултайдын делегаты, Кыргызстан ардагерлер биримдигинин төрагасы Эсенгул Исаков Биринчи каналда берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, IV Элдик Курултай 25-декабрда өтөт жана ага 700 делегат шайланган. Өзгөчөлүгү – быйыл курултайга кошумча бир күн каралууда.
Тактап айтканда, 24-декабрда драма театрында делегаттар менен министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн жолугушуусу уюштурулат. Анда делегаттар суроолорун жазуу түрүндө же түздөн-түз берип, тиешелүү жоопторду ала алышат.
Эсенгул Исаков белгилегендей, мындай формат курултайдын ишинин сапатын жогорулатууга багытталган. Буга чейин делегаттар суроолоруна жооп алуу үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн залдан сыртка чейин издеп чыгууга аргасыз болуп, айрым маанилүү баяндамаларды укпай калышчу.
«Президент курултайда отчет берет, ошондуктан бардык делегаттар залда болуп, баяндамаларды толук угууга шарт түзүлүшү керек», — деди ал.


