Улуу Британия антироссиялык санкциялык тизмесин жаңылап, ага Өзбекстандан төрт компанияны жана Кыргызстандан бир компанияны киргизди. Маалыматка ылайык, бул ишканалар Россия менен экономикалык кызматташтык жүргүзгөн деп шектелип, 18-декабрдан тарта аларга каржылык чектөөлөр киргизилди жана активдери тоңдурулду.
Өзбекстанда катталган төмөнкү компаниялар санкциялык тизмеге кошулду:
- Фергана химия заводу;
- Gelion Business Trade ЖЧКсы (Ташкент);
- Chemistry International биргелешкен ишканасы (Навои);
- Raw Materials Cellulose ЖЧКсы (Жизак).
Британ бийлигинин маалыматына караганда, бул компаниялар Россияга Украина аймагында жүргүзүлүп жаткан атайын аскердик операцияда колдонулушу мүмкүн болгон товарларды же технологияларды жеткирген деп шектелүүдө. Бирок конкреттүү деталдар ачыкталган эмес.
Ошондой эле санкциялык тизмеде Бишкекте катталган “Кифико” ЖЧКсы да бар. Лондондун билдирүүсүндө бул компания Россия өкмөтүн стратегиялык мааниге ээ болгон каржы секторунда иш алып баруу аркылуу колдогон деп айыпталууда. Маалыматка ылайык, “Кифико” мурда Улуу Британия, АКШ жана Евробиримдик тарабынан санкцияга алынган «A7″ компаниясы менен байланышта экени айтылат.
Мындан тышкары, жаңыланган санкциялык тизмеге Россиядан жана Бириккен Араб Эмираттарынан дагы айрым уюмдар киргизилди.
Ошондой эле айрым жеке адамдарга да санкция салынды. Алардын арасында Улуу Британия Казыначылыгы берген маалымат боюнча Өзбекстан, Израиль жана Россия жарандыгына ээ болгон ишкер Рустам Муминов бар. Буга чейин ага карата Украина да чектөөлөрдү киргизген. Ал Фергана химия заводунун ээси болгон компаниянын негиздөөчүсү экени белгилүү.


