KGST 24-декабрдан тарта Binance биржасына чыгат

Дүйнөдөгү эң ири криптовалюта биржаларынын бири болгон Binance өзүнүн спот платформасында жеткиликтүү соода инструменттеринин тизмесин кеңейтерин билдирди. Компаниянын расмий маалыматына ылайык, 2025-жылдын 24-декабрында саат 08:00дөн (UTC) тарта KGST/USDT жупу боюнча соода башталат.

Ошол эле учурда KGST/USDT жупу үчүн соода боттору, анын ичинде Spot Algo Orders сервиси ишке киргизилет. Бул колдонуучуларга соода процессин автоматташтырууга жана өз стратегияларын натыйжалуу башкарууга мүмкүнчүлүк берет.

Учурда колдонуучулар KGST токенин Binance аккаунттарына депозитке сала алышат, бул соода башталганга даярдык көрүү үчүн шарт түзөт. Ал эми токенди чыгарып алуу (withdrawal) 2025-жылдын 25-декабрында саат 08:00дөн (UTC) тарта мүмкүн болот (убакыт болжолдуу).

Белгилей кетсек, KGST — кыргыз сомунун курсуна 1:1 катышында байланган стейблкоин. Ал Кыргызстандын санариптик экономиканы өнүктүрүү боюнча улуттук программасынын алкагында ишке киргизилген. KGST BNB Chain блокчейнинин негизинде иштейт жана эсептешүүлөрдү, чек ара аралык акча которууларды жеңилдетүүгө, ошондой эле санариптик активдерди Кыргызстандын жана аймактын каржы системасына интеграциялоого багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз