Алтындын баасы тарыхый рекордго жетти

0
14551

АКШнын Федералдык резервдик системасынын акча-кредиттик саясаты мындан ары да жумшарышы мүмкүн деген күтүүлөрдүн фонунда алтындын дүйнөлүк баасы тарыхый эң жогорку чекке жетти. Буга сезондук факторлор да таасир этүүдө.

Бүгүн, Москва убактысы боюнча саат 8:11ге карата, Нью-Йорктогу Comex биржасында декабрь айына карата алтын фьючерстеринин баасы 45,30 долларга же 1,03 пайызга өсүп, троя унциясы үчүн 4432,60 долларды түздү. Соода сессиясынын жүрүшүндө алтындын баасы 4435,15 долларга чейин жетип, жаңы рекорд катталды.

Ошол эле учурда күмүш да олуттуу өсүштү көрсөттү. Декабрь айындагы күмүш фьючерстеринин баасы 2,78 пайызга жогорулап, унциясы үчүн 69,362 долларды түздү. Сессия маалында күмүштүн баасы да тарыхый максимумга чыгып, 69,515 долларга жеткен.

Белгилей кетсек, АКШнын Федералдык резервдик системасы декабрдагы жыйынында негизги пайыздык ченди үчүнчү жолу катары менен 25 базистик пунктка төмөндөтүп, аны 3,75 пайызга чейин түшүрдү. Регулятордун кийинки жыйыны 2026-жылдын 27–28-январына пландалган.

Алтындын кымбатташы Кыргызстанда да байкалууда. Улуттук банктын маалыматтарына ылайык, өлкөдө алтын куймаларынын баасы акыркы күндөрү өсүүдө. Учурда:

  • 1 грамм алтын куймасы13 627 сом,
  • 100 грамм алтын куймасы1 млн 259 миң 983 сом деп бааланууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз