Республика аймагында азык-түлүк жарманкелери өткөрүлүүдө

0
9208

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен Кыргызстандын бардык аймактарында азык-түлүк жарманкелери уюштурулуп жатат. Ар бир район үчүн жарманке өткөрүлүүчү күндөр атайын график менен бекитилип, жергиликтүү тиешелүү кызматкерлерге жарманкелерди үзгүлтүксүз өткөрүү милдети жүктөлгөн.

Өткөн дем алыш күндөрү мындай жарманке Нарын шаарында өттү. Анда калкка негизги азык-түлүктөр арзан баада сунушталды. Тактап айтканда, эт 1 килограммы 650 сомдон, тоң май 120 сомдон, сүзмө 150 сомдон сатылды. Мындан тышкары, буудай 25 сомдон, сулу 20 сомдон сунушталды.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда республика боюнча негизги азык-түлүк продукциялары жетиштүү көлөмдө бар, эч кандай тартыштык жок. Жарманкелер ички рынокту туруктуу камсыздоо жана жарандарга сапаттуу азыктарды жеткиликтүү баада сунуштоо максатында өткөрүлүүдө.

Министрлик мындай иш-чаралар айыл чарба тармагын колдоого алып, региондордун экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилейт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз