Башкы беткеМаанилүүСалттуу жаа атуу боюнча курама эл аралык мелдеште байгелүү орундарды алды

Салттуу жаа атуу боюнча курама эл аралык мелдеште байгелүү орундарды алды

Кыргызстандын жаа атуу спорту боюнча курама командасынын мүчөлөрү «Fetih Kupası» эл аралык мелдешинде 1 алтын жана 1 күмүш медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, мелдеш 25-27-май күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, ага 40тан ашуун өлкөдөн келген 700дөн ашуун спортчу катышты.

Эркектер арасында Ынтымак Мурадил уулу жекелик мелдеште 1-орунду ээлеп, эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.

Ошондой эле кыз-келиндер арасында Асел Садырова жекелик мелдешинде 2-орунду ээледи.

Эске салсак, «Fetih Kupası» эл аралык мелдеши дүйнө чемпионатынан жогорку деңгээлде турат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар