Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Бишкек шаарындагы “Ала-Арча”, “Томми молл” соода-оюн-зоок борборлорун, ж.б объектилерди сатыкка чыгарды.
Маалыматка ылайык, Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан “Ала-Арча” соода борбору 10 740 чарчы метр жери менен 1 млрд 244 млн 312 миң сомго аукционго коюлду.
“Ала-Арча” Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге таандык болгон. Ал өзү 2017-жылдын соңунда биринчи-вице-премьер-министр кызматына дайындалып, иштен кеткен соң 2018-жылы ага үч кылмыш иши козголгон. Аскарбек Шадиев ошол эле 2018-жылы Баткен аркылуу Тажикстанга, андан ары АКШга чыгып кеткени аныкталган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2018-жылдын 25-декабрында аны сыртынан 10 жылга кесүү жана мүлкүн мамлекетке конфискациялоо боюнча өкүм чыгарган.
Андан кийин 2020-жылдын 10-июнунда Биринчи май райондук соту Аскарбек Шадиевди “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Мыйзамсыз баюу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, сыртынан 13 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2024-жылдын апрель айында “Томми моллдун” 1257,5 чарчы метр аянтын мамлекетке алган.