Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАКШ Өзбекстанга каралган 2,5 млн долларды натыйжасыз деп тапты

АКШ Өзбекстанга каралган 2,5 млн долларды натыйжасыз деп тапты

АКШнын Мамлекеттик департаменти Өзбекстанга жарандык коомду өнүктүрүүгө багытталган 2,5 млн долларлык грантты токтотконун билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар маалымдады.

Аталган каражат АКШ тарабынан чет мамлекеттердеги ар кыл долбоорлорго каралган жалпы 215 млн долларлык гранттардын курамына кирген. Бирок АКШ мамлекеттик катчысы Рикардо Рубио бул программаларды натыйжасыз деп таап, аларды токтотуу чечимин кабыл алган.

«Мамкатчы Рубио Мамдепартаменттин чет өлкөлөргө жардам көрсөтүү иштерин кылдат иликтөөдө. Натыйжада, бүгүн 215 млн долларлык 139 натыйжасыз грантты жокко чыгарды», — деп жазылат АКШ өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жогорулатуу боюнча департаменттин (DOGE) билдирүүсүндө.

Өзбекстандан тышкары бул чечим Беларус, Болгария, Бразилия, Улуу Британия, Ливанды, Мавритания, Молдова жана Тунистин долбоорлорун да камтыйт.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар