whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.04.2025
19.7 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомМИК: Бүгүн дагы 476 үй-бүлө конуштуу болду

МИК: Бүгүн дагы 476 үй-бүлө конуштуу болду

16-апрелде Бишкекте Мамлекеттик ипоткалык компания тарабынан салынган батирлер ээлерине тапшырылып, иш-чарага президент Садыр Жапаров, президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Темиркул Балтабаев катышты.

“Мурас” турак жай комплекси К.Маликов көчөсү, 91 дарегинде жайгашкан. Бүгүнкү тапшырылган үйдө бир бөлмөлүү- 204, эки бөлмөлүү-102, үч бөлмөлүү-170 батир жайгашкан.

Турак жай комплекси жалпы 18 жана 24 кабаттуу 39 блоктон турат. Жалпы батирлердин саны — 4 754, янты — 278 278,6 чарчы метр, участоктун аянты — 8,7 гектар. Газ, суу жана канализация борбордук тармактарына толук туташтырылган. Жылытуу системасы өзүнчө автономдуу отканадан камсыздалат, ал эми электр энергиясы турак жай аймагындагы өзүнчө трансформатордук подстанция аркылуу берилет.

Маалыматка ылайык, турак жай комплексинин бардык этаптары быйыл толугу менен бүтөт.

Эске салсак, 2024-жылдын декабрь айынын аягында “Мурас” турак жай комплексинде 510, Скрябин көчөсү, 45а дарегинде 549 жана 2025-жылдын 11-апрелинде Ч.Айтматов проспектиси, 102/1 дарегинде 612 үй-бүлө жаңы үйдүн босогосун аттаган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар