Бүгүн Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Токмок шаарында жаңы Ислам академиясынын ачылышына катышты. Мамлекет башчысы бул окуяны өлкөнүн билим берүү жана дин тармагындагы маанилүү кадам деп белгилеп, академия салттуу ислам баалуулуктарына таянган сапаттуу диний билим берүүнүн борборуна айланарын айтты.
Академия 400 студентке ылайыкташтырылып, 2 гектар аянтта курулган. Анда заманбап окуу корпустары, спорт зал, жатакана жана илимий китепкана орун алган. Бул мекеме мамлекеттин диний билим берүү багытындагы биринчи жогорку окуу жайы болуп саналат жана ал толугу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат.
Садыр Жапаровдун айтымында, жаңы окуу жай жаштарды радикалдык агымдардан коргоого, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө, квалификациялуу теологдорду даярдоого жана ислам финансылык системалары боюнча адистерди тарбиялоого чоң салым кошот. Президент Кыргызстанда эми жаштар чет өлкөгө барбай эле дүйнөлүк стандарттарга ылайык диний билим ала аларын белгилеп, академия келечекте Борбор Азиядагы абройлуу илимий борборлордун бирине айланарына ишеним артты.
Мамлекет башчысы долбоорду ишке ашырууга көмөктөшкөн Бириккен Араб Эмираттарынын Заид бин Султан Аль-Нахайян фондуна ыраазычылык билдирди.

