Башкы беткеЖогорку КеңешКыргызстан менен Тажикстан парламенттери кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен Тажикстан парламенттери кызматташууну кеңейтет

Бүгүн, 15-сентябрда, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Улуттук Кеңешинин Төрагасы Рустами Эмомали менен жолугушту.

Тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты талкуулап, чек ара маселесинин чечилиши эки өлкө ортосундагы мамилелерге жаңы барак ачканын белгилешти.

Нурланбек Тургунбек уулу парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо үчүн Парламенттер аралык комиссия түзүүнү жана депутаттык достук топторунун ишин активдештирүүнү сунуштады. Алгачкы жыйын 2026-жылы Кыргызстанда өтөрү айтылды.

Соода-экономикалык алаканы күчөтүү да негизги багыт болуп, кыргыз тарап эт-сүт азыктарын, кийим-кечелерди, көмүр, айнек жана шекерди экспорттоого кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле Бишкек менен Дүйшөмбү ортосундагы маданий байланышты кеңейтүү маселеси көтөрүлүп, 2028-жылы боло турган Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата анын ысымын Дүйшөмбүдөгү көчөлөрдүн бирине берүү сунушталды.

Өз кезегинде Рустами Эмомали бул демилгени колдоорун билдирип, кыргыз-тажик алакасы парламенттик деңгээлде жаңы деңгээлге чыгарына ишеним артарын айтты.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар