Башкы беткеМаанилүү«Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу» аттуу улуттук форуму Бишкекте өтүүдө

«Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу» аттуу улуттук форуму Бишкекте өтүүдө

Бүгүн Бишкек шаарында «Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу» аттуу чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму өткөрүлүүдө. Иш-чаранын негизги максаты – улуттук баалуулуктарды сактоо, маданиятты өнүктүрүү, руханий мурастарды жайылтуу жана коомдун интеллектуалдык потенциалын бириктирүү болуп саналат.

Форумга мамлекеттик ишмерлер, окумуштуулар, жазуучулар, журналисттер, маданият өкүлдөрү жана коомдук активисттер катышууда. Жыйындын алкагында улуттук идеология, маданият, билим берүү, медиа, тил саясаты жана руханий өнүгүү сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланууда.

Катышуучулар өлкөнүн маданий-руханий өнүгүүсүнө багытталган сунуштарын айтып, улуттук баалуулуктарды даңазалоо, жаш муундарды тарбиялоо, маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү боюнча демилгелерди көтөрүшөт.

Форумдун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштар жолдонуп, маданий-руханий өнүгүүгө багытталган бир катар демилгелер ишке ашырылары күтүлүүдө.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар