Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясына болгон баа көтөрүлөт

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясына болгон баа көтөрүлөт

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-майынан тарта электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирет.Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Бекитилген баалар боюнча: айына 700 киловатт-саатка чейин керектеген калк үчүн 1 киловатт-сааттын өздүк наркы 1 сом 37 тыйынды (мурда 1 сом 11 тыйын) түзөт;
700 киловатт-сааттан ашкан ар бир киловатт үчүн 2 сом 60 тыйындан (мурда 2 сом 39 тыйын) төлөшүңүз керек болот.
Мектептер, бала бакчалар жана мечиттер сыяктуу социалдык жана диний мекемелер үчүн бирдиктүү тариф бекитилди: 1 киловатт-саат үчүн 2 сом 62 тыйын.

Башкармалык тарифтердин өзгөрүшү өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүү жана тейлөө сапатын жогорулатуу зарылдыгы менен байланыштуу деп түшүндүрдү.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар